www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон 31-октябрга чейин Европа Биримдиги менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Джонсондун ырасташынча, эгер бул күнгө чейин Брекзит боюнча келишимге келе алышпаса, Улуу Британия альянстан эч кандай шартсыз эле чыгат. Эки тарап тең эпке келүүнү каалабай турган учурда Джонсон 68 күн ичинде жаңы келишим керек экенине ынандырышы зарыл. Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте Брекзит келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан кеткен.
Евросоюз 1951-жылы Парижде түзүлгөн экономикалык уюм, кийин 28 европалык мамлекетти бириктирген, евро деген валютасы бар, европарламент сыяктуу бир топ уюмдары бар союзга айланган. Грецияда экономикалык жактан кырдаал курчуп турат, бирок булар дүйнөлүк саясатка аралашып, өз капчыгынан акча бөлүп жүрүшөт. Биздин Адил атабыз (Атилла) байыркы заманда Рим империясын кулатканын эстей кетиштиби, же Евросоюздун мүчөсү Францияны Бородинодо орус аскери менен биригип таш-талканын чыгарганын эстеп кетиштиби, эптеп парламенттик шайлоого 10 миллион евро беребиз дешип, эреркеп турушат.
Артыкчылыгы:
Глобалдаштыруу заманында өлкөлөрдүн бириккени жакшы.
Кемчилиги:
Евросоюзда үч келишим бар 1985-жылы паспортторду жөнгө салган «Шенген келишими», Маастрих келишими боюнча Евросоюз 1992-жылы түзүлгөн, 1999-жылы евро кирген. Бул үчөөнө каалаган мамлекет кирет, каалабаган кирбейт. Улуу Британиялар еврого киришкен эмес. Швейцария, Лихнштейн, Норвегия деги эле Евросоюзга кирбей коюшкан. Ал эми «Шенген визасында» деле бир топ мамлекет жок.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»