www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кытай бийлиги ичинен күймө кыймылдаткычтуу, тактап айтканда, бензин менен жүрүүчү жаңы унааларды сатууну жарым-жартылай же толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Мындай чектөө бүт өлкө боюнча же айрым региондордо ишке ашышы мүмкүн.

Кытайдын Өнөр жай жана маалыматтык технологиялар министрлиги алгач бензин менен жүрүүчү унааларга болгон талаптарга анализ жасап, зыяндуу заттардын чыгындысынын санын изилдеп чыгышмакчы. Анын жыйынтыгына карап бензин менен жүрүүчү унааларга канчалык катаал чектөөлөр коюлары чечилмекчи.

Эгерде Кытайда бензин менен жүрүүчү унааларды сатууга тыюу салынса, анда Кытай жакынкы жылдары бензин менен жүрүүчү унаалар тыюу салынган дүйнөдөгү бир нече өлкөнүн катарына кирет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости