www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жыл мурункуга караганда жаш көрүнөт. Орус президентинин келбетине испаниялык издание El Mundo басылмасы көңүл бурган.

Басылма белгилегендей, орус лидери 66 жашка караса да, мыкты формада. Буга анын уйкусун кандыра уктаганы, туура тамактануусу, спорт менен машыгуусу жана спирт ичимдиктеринен баш тартуусу себеп. Путин хоккей менен алектенет, дзюдо боюнча 8-дандын ээси, сууда сүзгөндү жана жөө басканды сүйөт.

Орус лидери чыгыш спорт түрлөрү менен 50 жылдан ашык убакыттан бери машыгат, дзюдо жана самбо боюнча спорттун чебери. Каратэ боюнча кара курдун ээси.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости