www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперттердин тыянагы боюнча ТЭЦти модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тарткан. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугун дарыгерлер кошумча текшерүүдөн өткөрүштү. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын жыйынтыгы бүгүн  чыгарыларын  билдирди:

-Абалы жакшы эмес. Өңү бопбоз болуп кеткен. Кирип, сүйлөшүп жатам. Мындан аркы дарыланышы дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар киши катары Сапар Исаков 2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат.

Анын Саламаттыгы начарлап, 16-августтан бери Улуттук госпиталга которулган. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости