www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык деңгээлде жарыяланган наркотикага каршы «МАК-2019» операциясынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында өскөн жапайы өсүмдүктөр жок кылынууда. Аксы РИИБи тарабынан бул операциянын 2-этабы өткөрүлүп, 2 гектарга жакын аймактагы 1,3 тоннадан ашуун кара куурай орулуп, өрттөлдү. Район аймагы беш бөлүккө бөлүнүп, ар бир аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары активдүү катышышты. 

Ушул эле иш-чаранын алкагында Майлуу-Суу ШИИБи тарабынан 1 гектарга чукул аянтта өскөн жапай кара куурай жок кылынды.

Мындан сырткары элдер көп чогулган жерлерде баңгизатынын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука, Аксы жана Ноокен РИИБнин кызматкерлери  тарабынан  33 гектар аянттагы 18,5 тонна жапайы кара куурайлар жок кылынган, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости