www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Шайлоонун жыйынтыгында болгон нараазычылык Кыргызстанга эч бир пайда алып келген жок. Жыйынтыгында баарынын бийлик үчүн күрөшкөн жүздөрү ачылып, бет каптары бат эле сыйрылды”, - деди бүгүн, 5-ноябрда NazarNews.kg маалымат агенттигине Нарын облусунун тургуну, активст Урмат Акунов.

Ага кошумча, “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партиялары болуп көрбөгөндөй элдин жүзүн ачып берди. Анткени акчаны алган өзүбүз, шайлаган өзүбүз анан кимге нараазы болуп атабыз? Өз улагыбыздан теке салабыз дегендин кесепети ушул. Кыргызстанды өнүктүрөбүз дегендер биринчи өздөрүн оңдоп алса жакшы болот эле. Азыр дүйнө жүзү вирус менен алек болуп атса биз митинг, кресло талаш менен алекпиз, баягы эле көрүнүштөр, бир ууч топтун кызыкчылыгы менен Ак үй талкаланып, ким бийликти алгысы келсе оңой эле басып алуу жолуна өттүк. Бул эрдик эмес - шермендечилик. Бул жол менен карапайым эл гана эмес, мамлекет дагы оңолбойт. Мага эң эле опурталдуусу биздин учурдагы бийликти эч бир мамлекет колдобой жаткандыгы кооптондурат. Биздин ички ресурс эки гана айга жетет, калганы сырттан ташылып келет. Коогалаң болгондон бери бир ай өттү. Мамлекетте өзгөрүү жок, бизде азыр өлүмдөн дагы коркунучтуу тышкы карыз кококдон алып, тадырыбыз коркунучтуу абалда турат. Эгерде Кытай каарын сала турган болсо, биздин азыркы патриоттордун колунан кокон келбей кала турганы талашсыз. Анткени алардын мыйзамы, кыргыздын жасалма баатырларын аяп койбойт, ошол күнү ач-айкырык кылган баатырлар кыргыз элинин тагдырына жооп береби? – деди Урмат Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости