www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уурдалган 300дөй кыз дайынсыз болууда

Нигерияда куралчан адамдар бул ирет дагы 300дөй кызды уурдап кетишти. Бул ирет белгисиз согушкерлер өлкөнүн түндүгүндөгү мектептердин бирине чабуул жасап, окуучу кыздарга кол салды. Кыздардын дайыны азырынча белгисиз экенин ата-энелердин бири Тhe Associated Press агенттигине айтып берди.

Куралчан адамдар мектептин жанындагы аскердик лагерге жана көзөмөл-өткөрмө бекетине да кол салышкан. Ушул тапта өлкө бийлиги атайын операция жарыялап, аларды издеп жатат.

Окуя болгон Замфара штатында адамдарды уурдаган бир нече кылмыштуу топ бар. Алар адатта барымтадагылар үчүн акча же тарапташтарын түрмөдөн чыгарууну талап кылышат.

Өткөн айда коңшу штатта да бир мектепке чабуул жасалган. Ал ирет 40 адам уурдалып, кеминде бир бала каза болгон эле. 2 ай мурда болсо Кацина штатында 400дөй окуучу уурдалган.

Талдоочулар жогорудагы кылмыштарга «Боко Харам» согушкер тобунун тиешеси бар экенин айтып келишет. Ислам динине жамынган бул радикалдуу топ светтик билим алууга каршы чыгып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости