www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Томск шаарында он жаштагы бала жана анын төрт жаштагы карындашы менен унаага отуруп, шаарды ата-энесиз эле кыдырып чыгууну чечишкен. Болгон окуя видеорегистраторго тартылып калынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин социалдык тармактарда бала унааны башкарып жаткан видео тараган. Жол эрежесин бузуп, анын ичинде каршы тилкеге да чыгып кеткен, ыйлаган карындашына "менттер" аларды кармай албай тургандыгын айтып, кызды сооротуп жатканын угууга болот.
"4-май күнү болжол менен саат 19.00дөр чамасында Мичурина көчөсүнүн 20а дарегинде Toyota Highlander унаасы темир жолду сүзүп токтогон. Унааны он жашар бала башкарып, төрт жаштагы карындашын да салонго салып алган. Кырсыктын кесепетинен балдарга бир жолку медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Кырдаалды тактоо учурунда, полиция балдардын ата-энеси дүкөнгө кетип, алар жалгыз калганда атасынын унаасынын ачкычын алып, эс алууну чечишкен.
"Баланын мыйзамдуу өкүлдөрү ата-энелик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана жашы жете электердин жүрүм-турумуна көзөмөлдүн жоктугу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп билдирген Томск шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы.

Булак: NazarNews.kg