www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын атайын даярдыктагы жоокерлеринен турган Кыргызстандын курама командасы Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge-2022 эл аралык мелдешинде 8-орунду ээледи. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мелдешке АКШ, Россия, Франция, Бразилия, Таиланд, Пакистан, Сербия, Сауд Аравия Королдугу сыяктуу мамлекеттердин атайын багыттагы командалары катышкан. Жалпысынан 22 өлкөдөн 34 күчтүү команда катышып, кесипкөйлүгүн, чыдамкайлыгын, ыкчамдыгын сынаган.

Дубай полициясы уюштурган иш-чарада жеңүүчүлөр тактикалык машыгуулар, чабуулдар, куткаруу иштери жана тоскоолдуктардан өтүү боюнча болгон.

Мелдеште жоокерлер шарттуу жарадар болгон жолдошторду эвакуациялоо боюнча командалык тапшырмага да зор маани берилип, бардык сыноолор кемчиликсиз гана эмес, мүмкүн болушунча убакытка байланыштуу тезирээк өтүшү керектиги каралган.

Адистердин айтымында, мындай эл аралык мелдештер атайын даярдыктагы аскерлер үчүн зарыл жана пайдалуу болмокчу. Анын ичинде атайын күчтөр тажрыйба алмашууга, коопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмаларын изилдөөгө шарт түзөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости