www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонуусу мүмкүн экеннин экинчи жолу эскертти. “Менимче, ушундай коркунуч чындап пайда болду”,- деди ал 23-мартта Вашингтондо журналисттерге жооп берип жатып.

Бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө да Байден орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам президент Владимир Путин эмне кылаарын билбей, жарга такалгандай абалга келгенин, ошол себептүү анын “химиялык же биологиялык курал колдонуу ыктымалдыгын” айткан.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дагы 23-мартта Брюсселдеги билдирүүсүндө, Орусия украин жергесинде химиялык куралды колдонуп жибериши мүмкүн экенин билдирип, эгер андайга барса, ал “согуштук кылмыш катары каралаарын” кошумчалаган.

Украинанын аймагында АКШ “биологиялык курал жасоо аракеттерин жүргүзүп келгенин” Орусия ушул айдын башында маалымдап, бул боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүүнү өтүнгөн.

Вашингтон менен Киев муну кескин төгүндөп, ага эч кандай далил жоктугун айткан. Алар - орус тарап өзү “ушундай багыттагы куралды колдонууну пландап жаткандыктан, аны каршылаштарына шылтап коюуну көздөп жатат” деп айыптап чыгышкан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улут аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген. Ал тургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле, Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур. Ошол эле учурда серепчилер Батыш орусиялык сырьёдон баш тартса, өздөрү бир топ зыянга учурарын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости