www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки эле уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.

"Motorola" компаниясы 1983-жылы DynaTAC8000X үлгүсүндөгү биринчи уюлдук телефонун чыгарат. Бул телефон 15 жыл дегенде иштелип чыгып, 100 миллион АКШ доллары сарпталган. Салмагы 794 граммды түзүп, заряды 8 саатка жеткен. Баасы 3 миң 995 АКШ долларын чапчыган.

Ошентип телефондун түрлөрү чыгып, акыркы жылдары кол телефон көптөгөн кызматтарды кыла баштаган. Телефондун айынан айрымдары ажал таап, айрымдары ар кандай кырсыкка учураса, ушул тапта кол телефондон кызыктуу кыска тасмаларды көрүүгө болот.

Бүгүнкү кызыктуу кыска тасмада, кадимки эле бою 30 см болгон короз, атка тийишип жатканын көрүүгө болот. Кызыгы, жашоодо деле адамдар ушундай…

Маалымат интернеттен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости