www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификациядан өтүү үчүн парламентке жөнөтүлдү.

Бул каражат Казакстан менен байланыштырган Түп - "Каркыра" көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана “Каркыра” туристтик лагерине алып барчу жолду оңдоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат.

Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөөгө, инспекторлорду даярдоого, Жарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда.

Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости