www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров, мурдагы досу Алмазбек Атамбаевге Кайрылуу жасап каттуу эскертүү берди.

--Урматтуу Алмаз досум, сен экөөбүз далай жүрдүк, азап менен тозокту тарттык. Мен сага айтайын эсиң барда этегиңди жый! Сага өткөндөгү кан аздык кылабы?! Бүгүн, элди алып чыгам деген аракетиң, канды эңсеп турганыңбы, мен ойлойм андайга барбайсың! Эски досуң катары айтайын жаштарды токтот, тобокелге салба! Эгерде сен баарын тобокелге салсаң, ошондой аракет кылсаң, мен сага ачык айтайын менин галстугум менен костюмумду чечтирбе! Сага каршы мен чыгам же сенин, же менин каным төгүлсүн, башкалардын каны төгүлбөсүн! Сени легитимдүү бийлик менен кызматташууга жана укук талаасына кайтканга чакырамын!, - деди Азимбек Бекназаров.

Төмөнкү тасмада Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун Кайрылуусу толугу менен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости