www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты “Саясий кызмат жөнүндө” мыйзамды кайрадан кароону сунуштайт. Марлен Маматалиев жаңы документтин долбоорун даярдаган. Бул тууралуу депутат түшүндүрмө берди. 

Марлен Маматалиевдин айтымында, "саясий мамлекеттик кызматчы", "саясий муниципалдык кызматчы", "жакын туугандары" деген жаңы түшүнүктөр киргизилиши керек. Эгер кандайдыр бир чиновник карьералык тепкич боюнча өйдө көтөрүлсө жана министр же министрдин орун басары кызматын өтөсө, бул ведомстводо эч кандай шылтоо менен анын туугандары ишке орношо алышпайт.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамды колдонуу чөйрөсүндө башка чектөөлөр киргизилет, ошондой эле мыйзамга ылайык саясий кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар коюлат. Бизге компетенттүү жетекчилер керек, демек, талапкер болгон министрдин портфели же башка кандайдыр бир мамлекеттик агенттикте болуп, белгилүү бир иште иштеген тажрыйбасы болушу зарыл”,- деди ал.

Эске салсак, март айында,  мыйзамды өзгөртүү иши жүргүзүлүп, бирок алар баш тартышкан, анткени ага критика себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости