www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөрдүн кыргызга ою кандай?

Жакында бир-эки кыргыз Кумтөрдө жоголуп кеткени белгилүү. Ага кумтөрдүн ою кыргыздар жоголуп кетсе мейли деген сыяктуу. Кыргызстан Акаев менен Айтматовдун пикири боюнча Канадага биздин мамлекеттин эң бай жерин Кумтөрдү кармата берген. Кумтөр аркылуу биздин алтындар Канаданын ишкерлеринин капчыгын жаап жатат. Бул тууралуу маселени учурунда Акматбек Келдибеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу күжүрмөн жигиттер эл алдына коюшканын билебиз. Америка өлкөлөрү Боливия, Венесуэла жана башкалар баалуу кен байлыктарын улутташтырып алганда, батыштагылардын чырылдап кала бергени тууралуу жазылган. Арийне,мурунку  кыргыз бийлиги элдин мүдөөсү үчүн күрөшкөндүн ордуна “Центерранын” адвокаты болгондон башка жолду таба алган жок. Бийлик ырдаган гимни “инвестор келбей коет...” , бирок, ошол эле убакта кыргыздын байлыктарын коңшу Кытайга эле берип жатты да. Ошондой эле, буга каршылык көрсөткөндүгү үчүн Акматбек Келдибековду абакка салып, соттоп жок кылууга аракет көрүлгөн. Андан мурда Камчыбек Ташиевке окшогон Кумтөр маселесин көтөргөн кыргыздын патриотторунун бир тобун соттоп таштады. Бул акыркы чек эмес көрүнөт, дагы канчасы соттолоору белгисиз эле. Бийликтегилердин бир гана бетине кармаган шылтоосу алтын кенин кыргыздар өздөрү иштете албайт имиш, а муну айтуу менен алар кыргыз элин келесоо катары көрүп жатат сыяктуу. Ошондой эле, кенди иштетүүнү каалаган атуулдарды көзгө да илбей, кайра жаманатты кылгандан башка аракеттери жок.

Кийин түзүлгөн келишимдин долбоорунда “Кумтөргө” кыргыз тарап 2026-жылы гана ээ боло алат” дегени өтө таң калычтуу болгон. Кебетеси, “Центерра” алтындын баарын ташып кеткенден кийин, Кыргызстанга таштандысын эле калтырат сыяктуу. Бул кыргыз элин шылдыңдагандык эмей эмне? Ошол эле убакта кыргыздар негизги алтынга эмес, “хвостохранилищеге” да ээ боло албайт экен. Мындай келишимдин кыргыз эли үчүн кереги канчалык? Кыргыз элине душмандык кылган бийлик ушуга окшогон келишимди жактоо максатын көздөп, титулдук кыргыздарды, “Кумтөр” келишимине каршы чыккан кыргыз жарандарын түрмөнүн түбүнө салып, соттоп, көзүн тазалап, жок кылганга аракет жасап жатканы эмне деген жорук.

Кыргыз элине душмандык кылган жыйырма тогуз жылдан берки бийликтин куйругу али күнчө үзүлбөй, ошол учурдагы бийликтеги төбөлдөр душмандык менен алектенип, кыргызга кылдай жакшылыгын көрсөткөн жок. Акаев убагында “Сибеконун” башчысы Б.Бирштейндин үйүнө анын жеке самолету менен барып келгенден кийин эле, аларга жалгыз “Кумтөр” эмес, Кыргызстандын бүткүл жер байлыгын өткөрүп берип койду. Аны менен бирге “Макмал” алтын кенинен казылган эки тонна алтын Швейцарияга контрабанда жолу аркылуу ташылып, жеке фирманын эсебинде жаткандыгы тууралуу факты да ачылган. Бул кылмыштуу иш боюнча эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Али күнчө тиешелүү органдар тергеген да жок, андыктан, күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, изин суутту.

“Кумтөр” кениндеги баш аламандыктан улам 1994-жылы ошол кездеги легендарлуу парламент таркаттырылган, тилекке каршы, бийликти бир колго топтоп узурпациалагандыгы жана мамлекеттин казынасынан уурдап, жеп-ичкен фактылары боюнча кылмышка баткан Акаев жоопко тартылбай келе жатат. Буга Атамбаевдин да кызыкчылыгы бар экени Акаевти жоопкерчиликке тартуу боюнча бир ооз кеп козголбогондугунан улам көрүнүп турат. Чындыгында, “Кумтөр” маселесинин ана башында Акаев, Жумагуловдор турат. Демек, биринчи кезекте дал ушул адамдарга чаралар көрүлүп, жазаларын алууга тийиш. Эгерде Аскар Акаев башында туруп, коррупцияга жол коюп, чырмалышкан ыплас жол менен жеке кызыкчылыктарын коргобосо, 2003-жылдагы “Центеррада” өткөн сүйлөшүүлөргө Акаевдин баласы Айдар эмне үчүн Кыргызстандын атынан катышкан? Себеби, Акаев 1993-жылда эле “Кумтөрдун” тагдырын чечип коюп, баласына өткөрүп берген. Ал эми Танаев жана башкалар Акаевдердин буйрутмасын таамай аткарышкан. Жакында Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча коррупцияны аныктагандыгын жарыялаганы менен колго тийбеген Танаев менен Айдар Акаев менен эле чектелбей, дал ошол эски президент Аскар Акаев менен ошол кездеги Жумагулов, Аскар Сарыгулов жана башка жакындарынын баарынын үстүнөн тергөө жүргүзүлүшү керек эле, тилекке каршы, андай болбой жатат. Эмне үчүн Акаевдин, Танаевдин экстрадициясы жөнүндө сөз да болбойт. Демек, бүгүнкү бийлик элди жөн гана оюнчук кылып, көз боемочулук менен алектенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости