www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн дүйнө коомчулугу менен бирге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын эл аралык күнүн белгилейбиз.

Мамлекетибиз — аярлуу адамдарга колдоо көрсөтүп, алардын окуусуна, жашоосуна, эмгектенишине, маданий талаптары аткарылышына зарыл шарттарды түзүп берүүгө жана укуктарынын сакталышын, социалдык жактан корголуусун, коом турмушуна оңой катышуусун камсыздоого умтулууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды окутуп, алардын руханий өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенип жаткан ата-энелерге жана социалдык мекемелердин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет.

Быйыл Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун ушул багыттагы конвенциясын ратификациялады.

Коргоого муктаж жарандарыбызга ар тараптан жардам көрсөтүү — мамлекеттик органдар менен бирге, жалпы коомубуздун милдети экенин унутпайлы.

Тагдырдын кыйынчылыктарын жеңип, асыл максаттарга умтулуу менен жашап келе жатышкан кайраттуу мекендештерибизге ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат жашоо каалайм.

Жараткан Кудай сиздерди колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости