www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов да феминалле боюнча өлкөбүздө болуп жаткан чууда четте турбай, какшык иретинде өз пикирин жазды.

Оңдобой беребиз:

- А эмне, сонун да. Нааразылыктын мындай сонун ыкмасы барбы? Колдонгула, кокуй, баарыңар. Антпесеңер эле замандан артта каласыңар. Коррупция айлаңды кетирдиби? Ак Үйдүн астына барып чечинип тура кал! Эч ойлонбо. Түз эле шыпыр. Дегеле эч нерсесин калтырба, баары ачыкка чыксын. Бир нерсе деп сурагандарга "бизде ачык коом" деп оозунду чоюп кой… "Ачык коомуңду" көрсөтүп. Чек арадан товарың өтпөй турабы? Чечин, чек арачынын так маңдайына барып. Ары-бери бас. "Мы-наа!" деп. Милийса сабап салдыбы? Арыз жазып отурасыңбы, так эле министрдин астына барып чечинип отуруп ал. Киргизбей койсо, коридорунда ошо бойдон нары-бери басып жүр, атасынын көрү, демократия да. Башка жолун ойлобой эле кой. Бирдеме десе эле чечин. Чечингенде эле сенден бирөө коркуп кетээр бекен же маселе чечилип калар бекен, көрөлүчү. Чек арада кошуналар басып кирсе: "Азыр жиниме тийсең, чечинип жиберем!" деп коркут, айласын таппай качып кетсин. Бирок абайла, анча-мынча түшүнүксүздөр атып салчу эле, түз эле "ачык коомуңду" мээлеп туруп. Анткени, эркектин чечингени жаман. Анча болду, мугалимдер окуучуларынын көзүнчө чечинсин. Окуучулар мугалиминин көзүнчө... Эмне, музейдегилерге болот экен дагы, аларга болбойт бекен? Кызык жери - көчөдө ошентип жүрсөң, жиндиканага алып кетет. Анткени, коомдук жай деген аты бар. Бир түшүнбөгөнүм - мамлекеттик музей коомдук жай эмеспи? Макул, мындай маңыроо суроомду деле туура түшүнүп койгула, мен артта калгам да. Мага боло берет.

Баса, андай болсо дикторлор деле бетинин ордуна экрандан түз эле ошол жагын көрсөтсүн, а эмне, адам укуктары да. Элестетип көрдүңөрбү? Телевизорду сайсаң эле "мы-нааа сага деп так маңдайыңа... Энеси баласынын, кызы атасынын мандайында чечинип эле жүрсүн, толеранттуу коом эмеспизби, "демократиянын аралчасы" атанган... Анткени, ачыгын айтканда, биздин демократия чечингенге эле кыйын. Башка колунан келбейт. Чечингилечи бир атаңгөрү, эмнесин аянасыңар, эч нерсеңер деле калган жок. Парламенттегилер биринчи баштасын, демократиянын чордону эмеспи. Президент, премьер-министр, өкмөт баш болуп үлгү көрсөтсүн. Аты да даяр, «Чечиналле» деп атап алабыз, эмнеси бар экен... Ошондон эле укук корголуп, кылмыштуулук токтоп, коррупция кан буугандай тыйылып, миграциядагылар тентибей кала турган болсо - бийлик баш болуп, партиялар төш болуп чечингилечи, кана? Чечингенде да жөн чечинбей, "О, гос-сс-споди Боже мой, ну и что тут такого? Это же современно, как эти мырки не понимают искусство?" деп оозду чоюп чечингиле. Кыргызды кыргыз кылып турган нерселерден жийиркенгениңерди көрсөтүп чечингиле. "Фуу" деп. Сөзсүз адам укуктарына таянып, маалымат каражаттарын мээлеп чечингиле. Курманжан датканы «ала жаткыла». Антпесе эсептелбейт. Антпесе, психиатр алып кетет. Адам укуктарына таянсаңар анте албайт. Анткени, Баш мыйзамдын так киришүү бөлүгүндө улутту, мамлекетти "адам укуктарына" баш ийдирип коюшкан, биздин чечермандар. Кур менен мойнунан байлап алып видеого тартып баш ийдиришкен, болгондо дагы. "Адам (жаран эмес, көрүнгөн адамдын - Бирштейндин, Саймаитинин, Гуревичтин ж.б.) укуктарын коргоо - мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин маңызы" деп жазып коюшкан. Ошо бойдон чечилди да, калды. Эми болоору болгондон кийин кайра кийип көр, кыйын болсоң... "Чечинүү кайдан башталган?" дейсиңер. Ошол жактан башталган! Бирок, туура көрсөңөр биз, артта калгандар, кийимчен эле туралы, кантсе да андай укук бардыр. Эмне кылабыз, артта калбадыкпы такыр. Силерге жетиш кайда. Анын үстүнө алдыда күтүп кыйраткан келечеги ушу болсо, антип алдыга барбай эле койдук...

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда "Феминнале" көргөзмөсүнүн алкагы менен жылаңачтанган кыздар, музейге илинген түрсүк тууралуу чуулуу талкуу басаңдай элек.

28-ноябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде феминисттердин "Үйүндөгүлөрүн баккандар. Экономикалык эркиндик. Аялдар" аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылган. Анда 22 өлкөдөн келген 50дөн ашуун арт-чеберлер катышып, анда аялдардын түрсүгү баш болгон ич кийимдерге ар кандай ураандарды жазып, музей ичине илип коюшкан. Мындан сырткары айрым аялдар жыпжылаңач болуп музейдин ичинде басып жүргөн видеосу интернетке тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.

Мындан улам, кечээ, 2-декабрда активист жарандар, аксакалдар топтолушуп, министрликтин алдына нааразычылык акциясына чыгышты.Ал эми аталган музейдин директору Мира Жангаречева өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости