www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барды.Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министр Талас облусунун Бакай-Ата районунда ачылган кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Андан кийин төө бурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Заводдун директору Миргазы Оморов учурда дыйкандардан алынган төө бурчакты сорттоп, чет өлкөгө экспорт кылып жатканын айтты.
Оморов бир гана төө бурчакты экспорттоо менен чектелбестен, органикалык жер семирткичтерди чыгарып жатканын билдирди.
“Биздин ишкана органикалык жер семирткичтерди 3 жылдан бери сынап келебиз. Өзүбүз чыгарган органикалык жер семирткичти колдонуп, быйыл 1 гектар жерден 40 тонна алма алдым. Буюрса, жер семирткичтерибизди да акырындык менен сатыкка чыгарабыз”,-деди ал.
Министр учурда органикалык жер семирткичтер абдан маанилүү экендигин айтып, ишкердин мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Булак: NazarNews.kg