www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чоң кишилердин ашыкча салмагы масштабдуу көйгөйгө айланганын улуттук статистика комитети билдирди. Комитет 2018-жылы 18 жаштан 49 жашка чейинки курактагыларга анализ жүргүзүп, 39,4% эркек, 32,6% аял ашыкча салмак күткөнүн аныктаган. Тилекке каршы, быйылкы жылы ашыкча салмактуулардын саны өсүптүр. Муну дарыгерлер туура тамактануу эрежелери бузулгандыгынан улам көбөйүп жатканын белгилешүүдө.

Дүйнөлүк окумуштуулар 1990-жана 2010-жылдагы өлүм-житимдердин статистикасын анализдеп чыгып, жыйырма жыл ичинде адам өлүмүнүн башкы себеби ашыкча салмак күтүү болгону аныктаган. Жер жүзүндө ачкачылыктан өлгөндөргө караганда, ашыкча салмактан өлгөндөр көп экенин илимпоздор иликтеп чыгып, ашыкча салмактын айынан жыл ичинде үч миллион киши өлсө, ачкачылыктан бир миллион көз жумганын тастыкташкан. Биз эң алды элдин саламаттыгына көңүл бөлүшүбүз керек.

Кыргызстаңда жашоо оор дегендер ушундан деле жыйынтык чыгарса .Ресторандарда той өткөрөйүн десең орун жок, орточо эсеп менен алып караганда калкынын санын 35% ашыкча салмактуу болгон, анан калса көчөдө жалаң жиптер жайнаган өлкөдө жашоо оор болобу? Логикалык жактан ой жүгүртүп көрбөйлүбү, туугандар...

Булак: Мантыш

Последние новости