www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Унга баанын өсүшү элди кабатандырып жатат. Азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн обьективдүү да, субьективдүү да себептери бар. Эң негизги себеби, философиянын мальтусчулук деген агымын түзгөн еврей Мальтус  он тогузунчу кылымда эле алдын-ала айтып кеткен. Бул демографиялык кризистен улам келе турган натыйжа. Ооба, жыйырма биринчи кылымда демографиялык жарылуулар болоору мурун эле белгилүү болгон. Калктын саны тездик менен өсүп бара жатат, ал эми шаар, кыштак, завод, фабрикалардын өсүшү менен айдоо аянттар жыл сайын тарып баратат. Жыйырма биринчи кылымда азык-түлүк кризиси болоорун ал эмес миңдеген жыл мурун жашап кеткен көзү ачык Нострадамустар айтып кетишкен.

Кыргызстан айыл чарбага жарактуу жерлери менен өзүн-өзү камсыз кылып кете турган мамлекет. Бизде сууга болгон кризис жок. Ушул заманда сууга жетпей жаткан калктар да бар. Кудайга шүгүр, суунун башында турабыз. Ушул эле өкмөт башында туруп келген Атамбаевдер Бакиевдик бийликти сынга алган учурда Кыргызстан өзүн-өзү багып кете алат дешип элди ишендирип жүрүшпөдү беле. Кана, азык-түлүккө болгон баанын тизгинин кайрадан коө беришти. Беш миллион элдин миллиону чет элде сандалып жанын багып жүрүшсө, бир жарым миллиону жакырчылыктын чегинде жашашса, дагы эки миллиону жакырчылыкты көздөй сүңгүп баратса, ушунун барын жөнгө сала турган өкмөт, карапайым элдин сөзүн койолу кадыр-барктуу, экономика илиминин доктору, комитеттин жетекчилеринин сунуштарына кулак какпай турушса, эмне деген заман болот. Өкмөткө айтылган сунуштар «капкара тешикке» кирген бойдон чыга албай жатса, ал эми өкмөттүн алкымы «Бермуд үч бурчтугундай» болуп, элге пайда берүүчү «Кумтөр» сыяктуу бай компанияларды оп тартып соруп турса, «ишенген кожоң сууга акса, алды артынан тал карма» дегенден башка аргабыз жок экен да.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.

 

Последние новости