www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бурулайдын өлүмү боюнча экинчи жолу түзүлгөн комиссиялык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бирок маркумдун атасы Турдали Кожоналиев аны менен макул болгон жок. Бул тууралуу маркумдун атасы «Sputnik» агенттигине өзү билдирген.
Чүй ОИИБдин маалымат кызматы экспертизанын жыйынтыгы чыкканын тастыктап, бирок корутунду менен толук тааныша электигине байланыштуу так маалыматты кийинчерээк берерин айтты.
Ал эми Кожоналиев эксперттер мурункудай эле кыздын денесинде эч кандай жазуу болбогонун айтышкан.
«Комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы кызымдын денесиндеги жазууну жокко чыгарды. Эксперттер мурункудай эле сөөктө мындай жазуу болбогонун, бир гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи калган деген жыйынтык чыгарып коюшуптур. Бул жерде эксперттер милицияны колдоп жатат. Чындык издеп чарчадым. Сүрөттө «н», «+» деген жазуулар даана көрүнүп турбайбы же аны мен өзүм тартып койдумбу? Үтүктүн изи кантип эле ушундай болсун. Ошол күнү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы видеолор дагы жок, өчүп калыптыр. Кантип эле? Экспертизанын жыйынтыгына «макул эмесмин» деп кол коюп бердим. Акыйкат жок. Кайда, кимге кайрыларымды билбей калдым», — деди Кожоналиев.
Эскерте кетсек, буга чейинки эксперттер да сөөктө мындай жазуу болбогонун айтышкан.
16-июль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырган.
Андан кийин ИИМ жетекчиси Бишкекте өткөн маалымат жыйында Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугушуу болгонун айткан.
Бирок Бурулайдын атасы министр менен жолукпаганын айтып, өкмөт башчы тапшырма бергенге чейин бир ирет Жунушалиевдин биринчи орун басары менен кезигишкенин айткан.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынан 20 жаштагы кызды алып качып бара жаткан 29-30 жаштар чамасындагы эркек киши аны милиция бөлүмүнүн имаратында бычактап салган.
Турдаалы кызы Бурулайдын атасы, “ала качып кеткен жигит, кызымдын көкүрөгүнө бычак менен “Н+Б” деп жазып коюптур. Укук коргоо органдары эмне кылып жүрүшөт карабай”, деп зар какшады.
Турдаалы кызы Бурулай 1998-жылы туулган. Кыздын денесине 5 жолу бычак сайылып, жеринен каза тапкан. Баш сөөгү ажырап турганы сүрөттө даана байкалып турат. “Кызды бычактаган адам өзүнө бычак шилтеп, оор жаракат менен аймактагы ооруканага жеткирилген”, деген маалыматты кыздын ата-энеси азырынча билбейбиз дешти. Укук коргоо органдарын күнөөлөп, мыйзам чегинде жооп берүүсүн талап кылды. Ошол жерден 4 опертоптун балдары качып кеткенин кошумчалады.
Каза болгон кызды, таластык жигит Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкан. Бул тууралуу маалымат алган Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алар бара жаткан унааны Бишкек–Ош унаа жолунда токтоткон. Милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүү үчүн аларды жакынкы милиция бөлүмүнө алып барышкан.
NazarNews сайтына жеткен маалыматтарга таянсак, милиция кызматкерлери бир кабинетке экөөн калтырып койгон. Жигит кызды кабинеттин эшигин жаап туруп бычактап, андан кийин таластык жигит өзүнө кол салган.
Ал эми Чүй ОИИБ: «Кечээ, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген.", деген маалыматты тараткан.
Төмөндө кыздын атасынын окуя боюнча толук маеги.
Булак: NazarNews.kg