www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган тургундар кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылганы маалым болгон.

Чек ара жаңжалынан кийин азыркы абал тууралуу жергиликтүү тургун NazarNews маалымат агенттигине   билдирди.

Анын айтымында,  эл аталган мектепте  топтолушуп,  дагы эмне болуп кетет  деп коркуп турушат.

“Түндө балдарыбызды сүйрөп качып чыктык. Элдин баары ушул жерге качып келген. Менин колумда балам бар, азыркы чогулушка чыга албадым. Башкаларга билинбейт. Суукта балдарыбыз тоңуп калды, биз дайыма ыйлап-ыйлап кала беребиз, эч нерсе өзгөрбөй келет. Эми эмне болуп кетет деп коркуп турабыз. Бул маалыматты чыгарганда деле эч эснерсе өзгөрбөйт. Бийликтин колунан эч нерче келбейт”,-деди ал.

Эскерте кетсек, коңшу мамлекет менен чектешкен аймакта түндө кайра чыр чыккан. Алгач Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00.40дө белгисиз адамдар кыргыз жаранынын унаасын таш менен уруп, өздөрү Тажикстанга кире качышкан. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланып, ичиндеги жарандар жаракат алышкан.

Бир сааттан кийин мындай окуя Көчө-Карын жергесинде кайталанган. Анда Баткенден Көк-Ташка бараткан кыргыз жаранынын унаасынын маңдайкы айнеги талкаланган.

Болжол менен саат 02.40 мүнөттө Дахма жергесинде кыргыз жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Ал жарандыкына бара жаткан милиция кызматкерлери менен чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости