www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Калича аттуу эже Ажиев Даниэль тууралуу кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Даниэль Ажиевди камакка албай, тергөө бүткөнчө эч жакка кетпөө жөнүдө колкат менен чыгаруу керек болчу.

“Бир маалда эле кармап кетип, 48 саат жабат экен дешти. Анан эле кечээ жакында эле эки айга камакка алынганын айтышты. Уят эмеспи, сотторго айтат элем, эки айга жаппай эле подпика кылып, тергөөнү жүргүзсө болбойт беле?...Бул жаманбы жакшыбы жардам берип атат да. “Эл аралык мамилени козутуу” эмне деген берене я. Бул жөн эле сөгүндү да. Баарыңарды тең комментарийлерде сөгүп атышат, депутаттарды “чимкириктер” деп сөгүп жатпайбы. Анда сөгүнгөндөрдү камагыңар келсе, Кыргызстандагы 80% камагыла. Кенедей балдардан баштап, кемпир, чалдардан бери сөгүнүшөт...”

Толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар:

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда жана ЖМКда  Ажиевдин кемсинткен билдирүүсү талкууланып,  бир катар нараазычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү  жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.

2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев  кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын  колдонгондугу аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатат. Ажиев эки айга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости