www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда адеп-ахлак полициясы хиджабды туура эмес кийгени үчүн кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин абактагы өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акцияларда кеминде беш адам өлдү. Бийлик - алардын үчөө нааразылыкка чыккандар экенин тактады, тартип коргоо уюмдары башка жерде дагы бир демонстрант каза болгонун кабарлады.

Мунун алдында полициянын бир жардамчысы каза болгону маалымдалган. Нааразылык акциялары өлкөнүн бир нече аймагында тутанган.

Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы хиджабды туура эмес кийгени үчүн кармалган 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. Кеминде 20-30дай адам кармалды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости