www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Баш мыйзамды ушул боюнча кабыл алышса жакшылыкка алып барбайт” - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Азыркы күндө талаш маселе жаратып жаткан Баш мыйзамда президенттик башкарууга ыктаганы айтылууда. Мен буга чейин президент менен парламентке бирдей укук берилиши керек деп айтып келгем. Тилекке каршы ишке ашкан эмес. Учурдагы Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча бир гана президенттик башкаруу болуп калыптыр. Мунун аягы жакшы болбойт. Мында бир гана прездент башкарбайт. Кыргыздын канына сиңип калгандай эле президенттин жанындагы жакындары, аялы, баласы же бир тууганы сөзсүз аралашат. Себеби, биз буга чейинки өлкө башчыларын көрдүк, үй-бүлөлүк башкаруу болду. Айрымдарын жанындагы жакындары жарга түрттү. Алардан сабак алган жокпузбу? Азыркы президенттин жакындарында президент башкаруу дегенди “биз билебиз, баарын биз чечебиз” деген түшүнүк пайда болот. Кимге гана мактоо, сыйлоо жакпасын. Мамлекет башчыны кошматчылар жагалданып, бал тилге салса ал дагы алданып, адашып калышы мүмкүн. Анан баягы көрүнүштөр кайталанат. Ошондуктан азыркы Баш мыйзамды ушул боюнча кабыл алышса жакшылыкка алып барбайт”, - дейт саясатчы.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости