www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Партиялаш, санаалаштар менен акылдаштым. Айтматова менен «сен калп айтып жатасың, бул жөн эле каралоо» деп акыйлашып отурмак белем. Мыйзам чегинде ошол айткан сөздөрүн сотто далилдеп берсин, а мен болсо бардыгы калп экенин далилдеп берем”.

Мындай пикирин “Кыргызстан” партиясынын экинчи ирет лидери болуп шайланган мүчөсү Канат Исаев «Азаттык» радиосунун «Эки — бир» телеберүүсүндө билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин, тагыраагы, өткөн апта этегинде экс-депутат, «Үмүт-2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова Токмоктогу 1912-жылы Кыргызстанда алгачкы болуп курулган китепкананы ал учурдагы аталган шаардын мэри болуп турган Канатбек Исаев кантип, кандай жолдор менен кимдерге сатып жибергени тууралуу жүргүзүгөн иликтөөсүнүн видеосун жарыялаган.

Төмөндө Айтматованын видеоиликтөөсүн дагы бир ирет беребиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости