www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициялардын баркы бийлик алмашканда келет экен. 2005-жылы 24-мартта, 2010-жылы 7-апрелде милицияны фонарик менен издеп таппай калып, мародерчулукка жол бердик. Кашкар Жунушалиев - 2018-жылдан баштап... Мактасак жаман көргөндөр толтура, жамандасак жаман көргөндөр толтура, ошол үчүн...

Улан Исраилов – 2016-2018, Атамбаевге жансакчы болуп жүрүп министрликке жеткен. ИИМ министринен кеткен соң 2019-жылы августта Кой-Ташта өчүп бараткан чөпкө от ыргытып, ал жердеги тамак аңдыгандарга бука союп бергенден башка көрүнүктүү деле иш кылган жок.

Кашкар Жунушалиев - 2016-жылы бир аз турду.

Мелис Турганбаев - (2014-2016), Атамбаев менен Текебаев дегенде арсалаңдап бийлеп берип турчу, эми түрмөнү жетектеп кимге бийлеп жатканы белгисиз.

Абдылда Суранчиев - (2012 – 2014), Бул министрди «дудукка» айлантып, Атамбаев  үстүнөн «тон бычып» калган.

Шамиль Атаханов - (2012-жылы), Аны мазактап ары-бери калчап, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Зарылбек Рысалиев - (2010 - 2012), Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп  «борттон» ары ыргытылган.

Кубат Байболов - (2010-жылы), Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Болот Шерниязов - (2010-жылы), Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМКнын СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!

Молдомуса Конгантиев - (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болотбек Ногойбаев - (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысы Атамбаевдин министри. «Мясокомбинатка» «козелдорду» ээрчип бараткан оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон. Экс -министрлердин ичинен бу дүйнөдөн эрте кеткени.

Өмүрбек Суваналиев - (2006-2007)

Мурат Суталинов - (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап, КГБга кеткен.

Бакирдин Субанбеков - (2002-2005), Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып», Кытайдын «Жунда» мунай кайра иштетүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган. 6 чакырылыштагы депутат.

Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюс, «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Абды Суталинов – Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости