www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Кудрет Тайчабаров казак кесиптештеринин көкпар темасын чагылдырган телерепортажында көк-бөрүнүн кыргыздарга таандык экендиги айтылганын жазды. Мындан улам, кыргыз тарыхчылары көк-бөрүнүн кыргыздардыкы экенин бекемдөөсү керек дейт.

“Казактын бир телеканалы көчмөндөр оюнундагы көкпар темасын чагылдырып жакшы репортаж жасаптыр. Ошол репортаждын астында кызуу талашта казактар өздөрү төмөндөгүдөй жазып атышат: “Кыргыздын жигиттери илгери койго кол салган көк-бөрүнү ат менен чаап жүрүп өлтүрүп, өлүгүн бири-бирине ашырып жүрүп, көк-бөрү деген оюнга айланып кеткен. Казакта “бөрү” дебейт, “карышкыр” дейт”, - деп жатышат. Ушуга жакшы билген тарыхчы болобу же чиновник болобу, расмий жооп берип, көк-бөрү кыргыздардыкы экенин бекиткенге салым кошсо. Анткени, “көкпар” деген сөз казакча эч кандай маани бербейт”, - деп жазды Кудрет Тайчабаров.

Ал, ошондой эле, социалдык түйүндө казак журналисттерине алардын көкпарчылары эмне үчүн кыргыз жигиттерине бет келе албаганын бир нече таамай мисалдар менен түшүндүрүп берген.

“Биринчиден, казак журналисттери, силер айры калпак деп ортого от жакпагыла. Бир дагы кыргыз журналисти казакты кемсинтип материал жасабайт. Журналисттик этика деген бар. Андай тантык сөздү соцсеттерде отурган акмактар жазат. Экинчиден, кайсы спортто экипировканы кабыл алган тарап берет? Ар ким өзүнүн аты менен келиши керек негизи.

Экспоңорго кыргыздар ыйлактабай эле, өз аттары менен барып, женский көкпарыңарды ойноп берип келди го. Тууганбыз, колдойлу деп. Кыргыздар бир да спортто судьянын жардамы менен, же грязно ойноп утпайт. Оюндан кийин не честно утту деген сөз баарынан жаман. Ошол себептен эркекче ойнойт. Камчы менен силерге окшоп сабамак эмес финалга чыксаңар.

А финалга силердин жигиттер, жигиттер дейм да, силердин актерлор кыргыздар ири эсеп менен утуп уят кылат деп чыкпай коюшту. Ишенбесеңер, менде казак көкпарчыларынын “1 салым разница менен өзбектерге утулуп берели” деген запистер бар.

Бекболатыңар боюнча: келтиргиле бир минута да кармабай. Андай ишин билбеген көкмээлер улуттук деген атты алып жүргөн нерсени ээлегенге татыктуу эмес. Казакта намыстуу жигиттер көп го. Берки спорт министрин да кетиргиле, андай клоун силерди дүйнөгө уят кылат. “Фестиваль” дейт далдырап. Эгер көчпендилер оюну фестиваль болсо, фестивалга барган Назарбаев менен Эрдоган артистпи же клоунбу? Ойлонуп сүйлөбөйбү? Спорт министрин сразу кызматтан алышыңар керек болчу.

Экинчи состав барган дейсиңер. Биринчи состав менен кимдерге каршы ойнойсуңар? Инопланетяндар мененби? Кыргыз менен казактан башка ким көкпар ойнойт? Кыргыз менен боло турган любой беттеш силер үчүн майрам болуш керек. Анткени, кыргыздан башка соперник жок силерге. Мындай саясат менен жүрсөңөр эртең Франция, Американын көкпарчылары да силерди “айрыйт”.

Биз 27синде чемпионат өткөрүп, аттарыбыз чарчап калып барган жокпуз дейт. Эй, мээси жок көк мээ, ушул жооптуу кантип бердиң? Кыргыздар 31чи август Эгемендик күнүндө 2 күн көкпар чаап, аттары кулап калса да чыкты го көчмөндөр оюнуна. Ага караганда силердин аттар 4 күн ашыгы менен эс алып жатпайбы?!

Биз дайындаган жокпуз, даярдык жок дейт. Биздин көкпарчылар айылда чөп чаап атып, туалетте отуруп тура калып, ойгото салып казактар менен көкпар чабабыз десе да любой момент ойной берет. Ишенбесеңер любой күнү бизди беттешке чакыргыла. Көкпарга чабандес любой момент даяр болушу керек.

Акыркысы, улуттук спортуңарды, намысыңарды коркоктук үчүн сатпай жүрсөңөр. Өзбектерге жеңилип бергениңер тарых көтөргүс чоң күнөө. “Новые приключения Италянцев в России” деген кинодо "Я тебе сейчас ногу сломаю" десе, берки коркок " Нет, нет, я сам" деп, сам себе ногу сломает. Ошого окшоп, казактар “кыргыздар крупный счет менен айрыйт” деп өздөрү эле өзбекке утулуп берди. Менде далил бар. Дагы репортаж кылам десе, казак журналисттери мени фейсбуктан таап жазгыла. Далилди берем. Как казахи Честь и Родину предали, продали... А так журналистам "5!" Жакшы репортаж”, - дейт Кудрет Тайчабаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости