www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенко түрк телерадиокомпаниясы TRT менен болгон маегинде эки өлкөнүн Орусия менен жаңы биримдиги Евробиримдиктин бардык каталарын эске ала турганын, ошондой эле Советтер Союзунан бардык позитивдүү нерселерди калтырарын айтты.
«Бул биримдик өнүккөн жана туруктуураак болот. Биринчиден, анткени биз Евробиримдиктин бардык каталарын кайталабоону эске алабыз, бирок оң тажрыйбаны колдонобуз.
Экинчиден, биз бирдиктүү мамлекеттен – Советтер Союзунан чыктык, ал жакта да көп аракет кылып көрдүк. Биз совет доорунан эмнени калтырып, келечекте бизге эмне пайдасыз болорун билебиз...
Биз өзүбүзгө 25, 30 же кайсы жыл болбосун, эч кандай мөөнөттү белгилебейбиз. Биз көйгөйлөрдү чечип, этап-этабы менен жетебиз», - деди беларус лидери.
Эске салсак, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин ал үчүн СССРдин кыйрашы трагедия жана «тарыхый Орусиянын кыйрашы» экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg