www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго коңгуроо. Кыргызстандын бюджетинин басымдуу бөлүгү кайсыл тармакка жумшалат? Билим берүү жана илим тармагына багытталат. Ал 2019-жылга 29 млрд. 82 млн сомду түзгөн.
Андан сырткары, билим берүү тармагына чет өлкөдөн аягы суюлбаган гранттар, жардамдар келет. Ал акчалар каякта? Анан мектеп фондуна тырмышты да калышты. Ал мектеп фонду жоюлду деп канчадан бери айтып келатат? Социалдык тармакты көзөмөлгө ала турчу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы далай жолу кайсыл мектептин директору акча чогулта турган болсо, ал кызматтан алынат деген эле. Бирок, мектеп жетекчилиги “пыш” – деп коюшпайт көрүнөт.
Учурда Искен Афиджанов аттуу жаран Фейсбуктагы баракчасына кызыктуу бир видео жүктөп, анда мектеп мугалимдери ата-энелерди чогултуп алып, ачыктан-ачык эле алардан акча опузалап жаткандыгын көрүүгө болот. Алардын сөзүнө ишенсек, мамлекет мектепке бир дагы тыйын бөлбөйт экен. Анда бюджеттен бөлүнгөн милларддар жана миллиондогон доллар, евро менен келген гранттар каякта?
Андан сырткары ачык эле акча бербесеңер “балдарыңарды каалаган жерге алып кеткиле, акча чогултпаган ата-энелер намысы жок адамдар” – деп жатышат эл агартуучулар. Бул эмне деген шумдук?
Булак: NazarNews.kg