www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каза болуп калган жаш келинге куран окуттук. Артында тестиер үч баласы калыптыр. Тестиер балдардын көздөрүнө тигиле бердим. Көздөрү муңайым. Келиндин тирүү кези көзүмө элестеп туруп алды. Той-топурларда кызмат кылса, балдарына таттуунун жакшысын тандап чөнтөктөрүн толтурчу. Айланып кагылып, кайра-кайра жүздөрүнөн сүйчү. Кыздарынын кооз көйнөктөрүн улам алмаштырып, чачтарын өрүп турчу. Эмичи?.. Апасы жок бөбөктөр мостоёт. Чачтары саксайган. Кийимдерин кир чалган. Бөбөктөргө жүрөгүм ооруп, көзүмө жаш айланып, буркурап-боздоп ыйлагым келип, бук болуп чыктым. Атасын «эртерээк үйлөндүрөлү» деген кептер болду. Бирок, өз энесинин ордун эч ким толтура албас...

Ал берген мээримди эч ким төгө албайт... Жолдо жүрөгүм ооруп, ушуларды ойлоп келе жатып, уктап кетиптирмин. Түшүмдө мен да өлүп калыпмын. Денем көрдө жатат. Бирок, рухум учуп келди. «Балдарым кандай күн көрүп жатат?» деп чыдабай учуп келди. Балдарымдын өңдөрү бозоргон. Көздөрү кайгылуу. Кызымдын жүрөгү букка толуп, болгон кайгысын, кубанычын менин бейитиме айтып жатты. Боз топуракка көз жашы төгүлүп жатты. Баарын көрүп, баарын туюп, бирок колумдан эч нерсе келбей, айланчыктап жүрдүм.

Делбирттеп, кайгыдан жалбырттап жүрдүм. Түндө да келдим. Ордум муздак. Мурдагыдай балдарымды кучактап, жыттап жаткым келди, бирок жата албадым. Жөн гана ыйлап жаттым. Ойгонуп кеттим. Көзүм жашка чыланып, жүрөгүм ооруп калыптыр. Бирок, тирүү экениме кубандым. Жаратканга шүгүр кылдым. Ар бир күн, ар бир мүнөт баалуу экенин түшүндүм.

АЙДАЙ

Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости