www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 22-ноябрь саат 11де Бишкектин Тыныстанов 193 көчөсүндө жаңы бала бакчанын пайдубалына капсула салынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы “NazarNews.kg” маалымат агенттигине билдирди.
Анда айтылгандай аталган салтанатка шаар мэри Азиз Суракматов дагы катышат.
Белгилей кетсек, салык кызматынын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна 100 орундуу бала бакча курула турганы буга чейин айтылып, анын пайдубалынын орду казыла баштаган болучу. План боюнча, ал эки кабат болуп, жалпы аянты 1 216 чарчы метрди ээлейт. Анын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 35 млн 602 миң сом бөлүү каралган. Өз учурунда подрядчик бала бакчаны келерки, 2020-жылдын күз айларына чейин бүткөрүүгө сөз берген.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук салык кызматынын мекемеси 2010-жылдын 7-апрелинде өрттөнүп кеткен. Ошондон бери бош турган жерге бала бакча куруу боюнча токтом чыгып, ага 2019-жылдын жай айында мэр Азиз Суракматов кол койгон.
Мында бала бакча куруунун дагы өзүнчө себеби бар. Союз мезгилинде бул жерде биринчи кыргыз тилдүү бала бакча болгон. Аны өз убагында Чыңгыз Айтматов дагы колдогону айтылат.
Булак: NazarNews.kg