www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 28 жаштагы жаш келин өзүнүн 46 жаштагы күйөөсүн башка чаап өлтүрүп салган. Анда 1991-жылы туулган келин 1973-жылы туулган жолдошунун башына арматура менен үч жолу чапкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилип, операция учурунда көз жумган. Доктурлар анын баш сөөгүнүн сынгандыгын аныкташкан. Ош шаардык басма сөз кызматы билдиргендей, келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүнүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алды.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум 1973-жылы туулган Үмүтбек Ысаков аялы менен начар мамиледе болгон. Ошол күнү, 19-ноябрда, болжол менен саат 23.30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы П.Г. арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада, Үмүтбек Ысаков Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө “Тез жардамды” аялы менен коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна «сырттан жарат алып келип жатып калды» деп айткан.

Маркум Үмүтбек Ысаков Ош шаарынында маршруттук такси айдап иштечү. 4 баланын атасы. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Далил буюм катары узундугу 97 сантиметр, диаметри 12 миллиметр болгон арматура алынды. Кылмышка шектүү Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости