www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешмеде баардык адамдын ойлорун уктук. Бул тууралуу конституциялык кеңештин мүчөсү, тарыхчы Муратбек Иманкулов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 6-мартта билдирди.

--“2010-жылдагы Баш мыйзамда президенттин укуктары көп болчу. Азыркы ага караганда андай эмес. Бул тууралуу сын айтып жаткандар билиши керек. Биз Баш мыйзамды түзүп жатканда 3 айга чейин талдап, ар бир келген адамдан пикирин уктук. Баардык адамдын ойлорун угуп, жакшылап түзгөнгө аракет кылдык. Себеби, бул-мамлекеттин тагдыры. Ошондуктан сын айтып жаткандар түз келип айтышса туура болмок. Ал эми бул мыйзам туура иштесе өлкөнүн келечегине абдан жакшы болот. Конституциялык кенешмеде элдик курултай  системасы боюнча аябай талаш маселе жаралды. Ошону менен катар 2 палаталуу парламент түзүүнү ойлонушту. Бирок бул болбой калат экен. Себеби, алсыз парламент болуп калат. Андыктан бир эле палаталуу парламент болуп, президент менен тең ата иштеши керек”, - дейт тарыхчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости