www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституция боюнча депутаттар ар бир айылга барып элдин пикирин угушу керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутат, саясатчы Надира Нарматова NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 26-февралда билдирди.

--“Кыргызстанда 5-6-октябрдан кийин бир топ өзгөрүүлөр болду. Азыркы 5-чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү дагы октябрдын аягында бүтүшү керек болчу деп айрым жарандар каршы болуп жатат. Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча дагы каршы чыгуулар көп. Учурда саясий кырдаал түшүнүксүз болуп турат.

Депутаттар азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун бир канча жолу карап, талкуулап чыкса туура деп эсептейм. Себеби, алардын буга толук укугу бар. Алар баардык айылдарга чейин барып, Баш мыйзам боюнча карапайым элдин пикирин угуп, жеринде талкуулап, кайсы мыйзамга каршы, ошону билип, талдашса. Анан коомдук талкууга коюп, каршы болгон топтордун ойлорун угуу менен камырдай жууруп, талдап анан чоң жыйындарды өткөрүшсө. Мисалы, нааразы болгон топтордун катарында кыйын эксперттер, талдоочулар бар. Алар конституциянын кайсы жерине, беренесине нааразы экенин билүү керек. Алчусун алып, кошчусун  кошуп тууралоо зарыл. Конституция- бул мамлекеттик документ. Ал калган мыйзамдарга негиз болуп бере турган документ болуп саналат. Андыктан быша элек Баш мыйзамга жаман нерсе болот деп божомолдоодон алыс бололу”, - дейт Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости