www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада кыргыз таксист менен миллиардердин 22 жаштагы уулунун унаалары кагышкан. Натыйжада мотоциклчен киши көз жумган. Бул иш боюнча соттолгон кыргыз жараны эркиндикке чыкканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Москва шаардык соту москвалык миллиардер Владимир Маргуновдун 22 жаштагы уулун мотоцикл менен сүзүп кеткен кыргыз жараны Исламбек Акбаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, экиндикке чыгаруу чечимин чыгарды. Буга чейин райондук сот 2020-жылдын 31-январында айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыраткан», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, кыргыз жараны Москва шаарында миллиардердин 22 жаштагы мотоциклчен уулун сүзүп кеткенине байланыштуу Россия телеканалынын алып баруучусу Андрей Малаховдун ток-шоусунда талкуу жаралып, кыргыз диаспорасынын өкүлү баланын энесинен кечирим сураган. 

Малаховдун берүүдө сүйлөгөн сөзү кыргыздардын нааразычылыгын туудуруп, теле алып баруучу кийинчерээк кыргыз элинен кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости