www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-январь күнү түшкө маал Жаңы Ангрен жылуулук электр станциясынын буу казанындагы алешемдикти жөнгө салуу үчүн №4 энергоблок өчүрүлгөн. Ошол маалда энергоблокто өрт чыккан.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдиргендей, станциянын персоналдары өрттү өчүрүүгө аракет жасап, өрт өчүрүү бригадалары чакырылган.

Саат 14:00дө өрт өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Учурда энергоблокто ремонт иштери жүрүүдө. Бул абалды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.

Жаңы Ангрен жылуулук электрборборунда 580 МВт кубаттуулуктагы үч энергоблок иштейт.

Жылуулук электр борбору өндүрүш объектилерин жана Ташкент облусунун калкын электр кубаты менен камсыздайт.

 

Последние новости