www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Алматы шаарында өтүп жаткан "Digital Almaty" глобалдык экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков «Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Өткөн жылы ченемдик-укуктук актылардын көлөмдүү пакети кабыл алынган, ал маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү максатында товарларды маркировкалоо пилоттук долбоору аяктаганы турат. Бул келечекте товарларды текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деди.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө кызматтарына жана сервистерине инновациялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле жаңы «санариптик» өз ара мамилелерди жөнгө салуу максатында «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорун баштоо боюнча иштер жүрүүдө.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргыз Республикасында жасалма интеллектти пайдалануу ишке ашыруу стадиясында. 

«Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү иштеп чыгууларды Жогорку технологиялар паркы жүргүзөт. Кыргыз тилин табигий түрдө тааный турган Программалык өндүмдөр жүзөгө ашырылууда. Башка мисал – бул сүрөттү иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзө турган ата мекендик стартап. Жасалма интеллектти колдонуу менен маалыматты башкаруу чөйрөсүндө иштелип жатат. Анткени көлөмдүү маалыматтар маанилүү роль ойнойт, өз алдынча өздөштүрүү алгоритмдерин киргизүү талап кылынган маалыматты натыйжалуу табууга шарт түзөт. Жалпысынан алдыңкы технологияларды түзө турган компаниялар үчүн жайлуу жана коопсуз шарт түзүүнү камсыз кылуу биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат», - деди ал. 

«Киберкоркунучтун деңгээлин төмөндөтүү, терс таасирлерден маалымат айдыңын коргоо, мамлекеттик маалыматтык системанын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жана компьютердик окуяларга реакция кылуу максатында биргелешкен аракеттерди жасоо зарыл. Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен аракет гана биздин мамлекеттердин чет өлкөлүк жаңы рынокко чыгуусун жана келечекте глобалдуу атаандаштык мейкиндигинде татыктуу орун алууну шарттайт. Албетте, санариптик күн тартибин ишке ашыруу аркылуу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында «төрт эркиндикти» камсыздоо максималдуу жетишкендик болот», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости