www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Путин Түркмөнстанга барды

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандагы сапарынан кийин Түркмөнстанга барды. Кремлдин сайты 29-июнда билдиргендей, Путин Ашхабадда Каспий саммитине катышып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Буга чейин саммитке Азербайжандын, Казакстандын, Ирандын жана Түркмөнстандын лидерлери да катышары кабарланган.

Бир күн мурда Путин орус күчтөрү Украинага басып киргенден бери биринчи жолу Орусиянын аймагынан чыгып, Тажикстанга барган. Ал Дүйшөмбүдө тажик президенти Эмомали Рахмон менен жекеме-жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн журналисттер үчүн ачык бөлүгүндө Рахмон соңку беш ай ичинде Тажикстандын Орусия менен соода жүгүртүүсү дээрлик 50% өскөнүн, башка тармактарда да кызматташтык илгерилеп жатканын айтты.

"Өзгөчө биздин өлкөлөрүбүздүн коопсуздук тармагындагы жакын кызматташтыгын баса белгилегим келет. Сиз менен мамилебиздин келечегин, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалга басым жасоо менен эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулоого даярмын", - деп билдирди Рахмон.

Тажикстандагы сүйлөшүүлөрдөкандай чечим кабыл алынганы так айтылган жок. Буга чейин тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода Путиндин Дүйшөмбүдөгү 2019-жылдан бери биринчи сапарында эч кандай документке кол коюлбай турганын айткан.

Жакында бийликти атасынан өткөрүп алган түркмөн президенти Сердар Бердымухаммедов кызматка киришкенден кийинки алгачкы чет өлкөлүк сапарын Москвага жасаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости