www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнө таандык вилласы бар жана кабриолет минип жүргөн Гюнтер IV аттуу германиялык ит дүйнөнүн эң байларынын бири болуп калды. Анын учурдагы байлыгы 373 миллион долларга бааланат.

Маалыматтарда, Гюнтер IVкө мурас атасы Гюнтера IIIтөн калды. Өз убагында, жалгыз мураскери катары, 1991-жылы Карлот Либенштайн аттуу немис графиня-мультимиллионер айым өзүнүн багып алган үй жаныбарына байлыгын калтырып кеткен.

Ошентип учурдагы мураскер, 13 жаштагы Гюнтер IV өмүрүнүн калган жашоосун дүйнөдөгү дөөлөттүүлөрдүн катарында улантып келет.

Азыр ал Италиянын жаратылышы кооз Тоскан регионундагы Мадоннадан сатып алган вилласында жашайт. Карамагында үй кызматкерлери, жеке ашпозчусу жана айдоочусу бар. Күнүмдүк тамактануусуна стейк жана икра кирет. Эс алуу мезгилин болсо Майамидеги хан сарайында өткөргөндү жактырат.

Гюнтер IVтүн күнүмдүк чыгымы эле 10 миң доллардан 30 миң долларга жетери айтылууда. Анткен менен байлыгы азайган эмес. Тескерисинче акыркы жылдары анын капиталы үч эсе өскөндүгүн финансистер кеп кылышууда. “Бул Карлот Либенштайн айымдын өлөр алдындагы жасаган ийгиликтүү инвестициясынын жемиши” – деп белгилешет алар.

Последние новости