www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биссимилда дегенде Ленинден баштайлы, Ленин кыргызды сактап калды деген жалган. Кыргыздар 1916-жыл жайында үрккөндө, Александр Керенский Мамлекеттик Думада ошол жылы декабрда бул маселени көтөрүп чыккан.

1917-жылы февралда Убактылуу Өкмөт жеңип, кийин бийликке Александр Федорович  келгенде кыргыздардын Кытайдан келиши тууралуу маселени көтөрүп, кыргыздар кайта баштаган. Ошол жылы октябрда Ленин бийликти алып бул маселени калтырган. Калтырбаска чарасы жок эле, себеби граждандык согуш кыргызды Орусиядан бөлүп таштаган. Ленин кызыл террорду баштаган.

Октябрь - Улуу октябрь социалисттик революциясынан улам коюлган. Азыр 30 жылдан бери бул майрам майрамдалбайт, унутулган. Бирок, Бишкектин дөңбаштары Октябрды унута элек.

1-май – Бул майрамды совет убагында катуу майрамдайт элек. Бул майрам да унутулган.

Свердлов - накта чыккынчы ЧКны, чекистерди ушул уюштуруп, мунун жолун жолдогон Дзержинский, Ежов, Ягода, Берия миллиондогон совет элин репрессиялап каматып, өлтүрүп жок кылган. Анын ичинде кыргыздар да бар.

Депутат Рыскелди Момбеков Асанкалый Керимбаев  “Бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат” - деп  ырдагандай, бир бети журналист, бир бети депутат, ошондуктан Усубалиевдин наамын берели деп туура маселе козгоп жатат. Бир гана Усубалиевдин эмес Айтматов, Раззаков,  Масалиевдин ысмын Бишкектин райондоруна берип, келечек муундарга булар ким деп окутуп тарбиялабаса СССРдин ылайынан, чыккынчылардын атын коюп алып дардактагандан али чыга элекпиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости