www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен ажыратылган Рыскелди Момбеков чукул Кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо коммисиясынын чечими адилетсиз болгон.

«Мен БШКнын (Борбордук шайлоо комиссиясы) бул чечиминин канчалык мыйзамдуу экенин териштирем. БШКнын бул – бүтүмүм мыйзамдын кичинекей күкүмү. Алардын чечими – мыйзамга сыйбаган адилетсиз, абийирсиз чечим болду. Бул мага болгон саясий куугунтук жана саясий кысым болду деп эсептейм.

Анткени, мындан беш күн мурда да менин талапкерлигимди алууга аракет кылышкан, бирок андай болгон эмес. Эми буга менин шайлоочулар алдында сүйлөгөн ачуу сөздөрүм бийликке ушунчалык катуу тийдиби же Улуттук коопсуздук боюнча комитетке коркунуч келтирдиби, айтор алар бүгүн өздөрүнүн беш күн мурунку чечимин жокко чыгарып отурат.

Менин БШКга карата кайсы орган тарабынан кысым болуп турганын жакшы эле билип турам. Анткени, мага атайын кызмат жагында иштеген ак жүрөк адам айткан: сиздин акыркы учурдарда сүйлөгөн сөздөрүңүз Ак үйдүн итиркейин келтирип жатат деп эскертүү берген.

БШК менин гана укугумду бузбастан канчалаган шайлоочуларды шайлоо укугунан ажыратып жатат. Ошондуктан, мен Жогорку сотко даттанам. Андан да майнап чыкпаса, Конституциялык сотко кайрылам. Анкени Конституцияда бул талап жок. Мен аягына чейин күрөшөм», - деген Момбеков.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясы менен катышып жаткан Рыскелди Момбековду БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен жарышттан четтетти.

Эске салсак, бага чейин УКМК БШКга Рыскелди Момбеков Кыргыз улуттук университетинде «юриспруденция» адистигин окуганы тууралуу дипломун мыйзамсыз алганын кабарлаган. Ал документтин негизинде Дипломатиялык академиядан «эл аралык мамилелер» адистигин сырттан окуп, экинчи дипломун алган.

Ал эми шайлоо мыйзамынын жаңы эрежесине ылайык, жогорку билими жок жарандар парламенттик шайлоого катыша албайт. Момбеков талапкер катары катталып жатканда Дипакадемиядан алган дипломун көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости