www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО -  Шабданалиев: “Жумушчу орунду тарттырып коюп жатабыз”

Жумушчу орунду тарттырып коюп жатабыз. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Транспорт жана жол министрлигинде транспорт тармагын билген адам башкарып келет. Ал жерде бийлик үчүн оңтойлуу гана адам отурат. Менимче, министрлер мекемеге бөлүнгөн акчаны кантип адалдоону гана ойлонушат. Кыргызстан миллиард долларга автожолду оңдоду. Анын алгачкысы - Бишкек-Ош жолу эми эле талкаланып бүттү, жүрүүгө мүмкүн эмес. Жыйырма жыл да өтө элек оңдолгонуна. Трассаны эң кеминде 50 жылга болжоп курушат го? Биздин кыргызстандык жүк ташуучулардын беларус жана казак жүк ташуучулары менен болгон атаандаштыкта эч кандай чара көрбөгөндүгүн айтып күйөт. Жумушчу орунду тарттырып коюп жатабыз. Анткени чет элдик жүк ташуучулардын техникалары жакшы жана жүк ташуунун менеджменти эки эсе мыкты, ошондуктан бизге бир да мүмкүнчүлүк калтырбай коюп жатышат. Андан сырткары, көптөгөн жеке транспортчуларыбыз салык төлөөдөн качышат, анткени ал алардын кирешесинин 70-80 пайызын түзөт. Маршруттук бустардын абалы деле ошондой - ар ким өзүнө гана иштейт, транспорт компаниялары банкрот болуу коркунучунда калды”, - дейт Шабданалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости