www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кыргызстанга Үңкүр-Тоону берүүгө даяр

Өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

«Кыргызстан Сох анклавына транспорт жана аба каттамын ачып берүүгө макулдугун берди. Анклав жашоочулары чек арадан ээн-эркин өтө алышат. Ал эми өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелерди делимитация жана демаркациялоо иштерин эки тарап тең үч айдын ичинде ишке ашыруу керектигин белгилешти.

Эске салсак, 2016-жылдын август айында Үңкүр-Тоо аймагы боюнча талаш жаралган. Анда чек ара аймагына Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен конгон.

Ал эми 24-август күнү алар Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетип Яңги-Курган ички иштер бөлүмүнө киргизишкен. Бара-бара өзбек милициясынын саны 20 адамга жетип, 18-сентябрда аймактан чыгып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости