www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда спортко кызыккан жаштарды дүйнөгө таанытууда болгон күч-аракетин жушмап келе жаткан “ЕРЕМ” спорт клубунун вице-президенти, спорттун эки түрүнүн чебери, Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазовдун жакындагы ийгилиги тууралуу кепке тартык.
--Саламатсызбы Шайлообек мырза, алдыңызда тоодой бийик максаттар менен атаандаштарын желкеден көтөрүп жерге жабыштара чаап, далысын жерге тийгизе турган эр азаматтарды тарбиялап баштаптырсыз. Алдыдагы максаттарды албетте Кудайдан башка эч ким билбейт бирок, кыргызда “жакшы ниет-жарым ырыс” деп коет эмеспи, алдыдагы максаттар тууралуу айтып берсеңиз...
--Жалпыңыздарга белгилүү жакында эле Бокс боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Азия чемпионатына жалпы 36 мамлекет катышты. Жарым финалга беттешүүгө чейин бир апталык таймаштарда 14 мамлекет медаль алууга жетишти. Жакында эле Тайланддын Бангок шаарында Азия чемпионаты болуп өттү. Ага биздин жаш спортчулар катышты. Кыргызстандан барган спортсмендер эки коло медаль алдык. Адылбек уулу Эркин 81 кг салмакта,Турукбай уулу Мирлан 49 кг салмакта эки коло медалга жетишти. Биз негизинен күчтүү Индия, Кытай, Япония, Корея, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин спортсмендери менен таймаштык. Негизинен Бангок шаарында өткөн Бокс боюнча Эл аралык мелдеште биздин өлкөдөн барган жигиттерибиз Азат Усеналиев жана Элбурс Сарыбаев мыкты чеберчилигин көрсөтүп, үчүнчү орунга жетишти.
--Бул жолку таймашта Кыргызстан тарап эмнеси менен айрымаланды?
--Биз бул жолку таймашта Азия чемпионатында Кыргызстан өзүнүн күчтүү мамлекет экенин, спортсмендери техникалык, психологиялык, физикалык жактан даяр экендигибизди Азияга көрсөтө алдык. Жалпысынан биз Кыргызстан 1 млрд калкы бар Кытай, Индия миллиондогон калкы бар мамлекеттердин арасында Кыргызстандын аты аталып, эки коло медалга жетишип куру кол кайтпай ийгилик менен келдик.
--“ЕРЕМ” клубунда жалпы канча бала спорт менен машыгып жатат?
--“ЕРЕМ” спорттук клубунда 200дөн ашуун балдар спорттун ар кайсы түрлөрү менен машыгат. Бизде заманбап спорттук-техникалык жабдуулар жетиштүү. Биздин максат жаштарды жакшылыкка үндөп, жигиттерди эрдикке, ар намыстуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытуу керек экен айтып, эр жигиттерди патриоттуулука үндөп келебиз.
--Айтымыңызга караганда алдыда дагы мелдештер бар окшойт...
--Албетте, алдыда боло турган дүйнөлүк чемпионатка кызуу даярдыктар жүрүүдө. Ал жерде биз лицензия утушубуз керек. Токио олимпидасына чейин эл аралык жыйналыш болот. Ушул жылы Европа мамлектинде жана China Open деп дүйнөлүк атайын турнирлер өткөрүлөт.
--Шайлообек мырза, ар бир мамлекетке барган спортчуларга каражат эбегейсиз кетет. Анткени алардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керек, тамак-ашы, жүргөн турганы дегендей. Каржы маселеси кандай болуп жатат?
--Бул жерде Кыргызстандагы олимпиадалык даярдоо борборуна, КРнын мамлекеттик спорт агенттигине жана Бокс федерациясына ыраазчылык билдиришибиз керек. Андан сырткары жеке машыктыруучулардын билеттерине, даары-дармек жактан камсыздаган, спортчуларга көп мамлекеттерге чыгууда финансы жактан каржылап колдоо көрсөткөн, “ЕРЕМ” спорт клубунун президенти Раим Матраимовго терең ыраазчылык билдиребиз. Колдоонун арты менен мушкерлерибизге чоң стимул болуп Азия чемпионатында коло медалга жетишти.
-Сиздин ишенимди актай турган, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброюн көтөрө турган шакирттериңиз барбы?
--Кыргызстандын туусун көтөрө турган жигиттер өсүп-өнүп келе жатат. Алгачкы кадамдары ийгиликтүү. Алгачкы кадам, Азия оюндарында жаш спорчуларыбыз өздөрүнүн салмагын көрсөтүп келди. Эми дүйнөлүк чемпионатта жакшы пландарды түзүп алсак, дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн гимнин ойнотуп, желегин көтөрөт деген үмүтүбүз бар.
--Тарбиялап жаткан жигиттериңизге атаандашынын далысын жерге тийгизбөөгө кандай эрежени үйрөтсө болот?
--Спортчу канчалык машыгуу учурунда кыйналса, ал мелдешке чыкканда оңой болот. Ошон үчүн оор машыгуу атаандашын жеңил жеңүүгө түрткү берет. Машыгууда жаныңды аябаш керек. Спорт менен машыккандар канчалык тер төксө ошончолук ийгилик болот. Азыр тилекке каршы дүйнөлүк чоң спортто калыстар калыстыктан тайып жатат. Спортчуларды кара күчүнөн сырткары, аларды коргоо керектигине дагы көзүбүз жетти. Ага атайын даярдыктар керек экен.
--Рахмат.
Төмөнкү тасмада “ЕРЕМ” спорт клубунун алгачкы ийгиликтери жана сыйлыктары.
Булак: NazarNews.kg