www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин катардагы ачык жыйыны өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин УКЭКБнын башчысы, милициянын полковниги  Мирлан Карачалов, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Модератор катары ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Даутов Ялкун Умаржанович чыгып,  аталган жыйында карала турган маселелерди  айтып берди.

Жыйында “ИИОнун кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо”, “ИИОдогу насаатчылык ишинин абалы”, “ИИОнун кызматкерлерине психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жөнүндө, аталган жардамга муктаж болгондорго”, “ИИОнун кызматкерлерин укуктук жактан коргоону камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар”, “2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын ИИМди өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун талкулоо” жана башка маселелер каралды.

“ИИОнун кызматкерлерин социалдык жактан камсыздоо” аталышындагы биринчи баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы-чарбачылык камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги  Руслан Айбатиев чыкты.  Өз баяндамасында ал Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинде биринчи окуудан өткөн “Кыргыз Республикасынын  укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамдолбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин 40 пайызга чейин, аны менен бирге ИИОдо кызмат өтөгөндүгү үчүн 30 пайызга чейин айлык маяналарын көбөйтүүгө шарт түзүп, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин пенсияларын дагы 40 пайызга чейин көбөйтүү күтүлүүдө. Ал эми  социалдык жактан болсо, медициналык жардам көрсөтүү,  ден соолуктарын чыңдоо үчүн саламаттыкты чыңдоо курорттору менен камсыздоо, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турак-жайлары үчүн акчалай компенсацияларды төлөө, андан сырткары бийик тоолуу шартта жашагандардын ишине байланышкан кошумча айлык маяналарына кошуп берүүнү карайт.

Андан сырткары, ИИОнун кызматкерлери үчүн үйлөрдү куруу боюнча (Бишкек шаарында-216 батир, Ош шаарында-240 батир, Нарын шаарында – 60 батир) иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Кочкор жана Жети-Өгүз райондорунда РИИБдердин жаңы имараты курулууда.

Руслан Айбатиевдин баяндамасынан кийин ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө кезек келип, милициялардын социалдык жактан корголбогондугуна кабатырлангандыгын айтышты. “Жөнөкөй сержанттын айлыгына кантип жашоого болот? мындан тышкары, алар үй-бүлөсүн дагы багыш керек.Жогорку кеңеш аталган мыйзамдолбоорун кабыл алат деген үмүттөмүн”  деп Ялкун Даутов билдирди.

Андан соң өз баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин КББнын тарбиялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Калыгул Субанбеков  чыгып,  ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө насаатчылык жөнүндө айтып берди.

“Бүгүнкү белгилүү болгондой, укуктук тартипти камсыздоо жана колдоо кызматкерлердин жогорку профессионалдык-нравалык сапаттары,  жамаатта моралдык-психологиялык климат орногондо мүмкүн болот. Бул ички иштер органдарынын насаатчылык  институтун өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Насаатчылыктын тапшырмасы-кол алдындагы жаш кызматкерлерди тарбиялоо, тажрыйба топтоого түздөн-түз таасир берүү,  жамаатта бат көнүүсүн камсыздоо. Коомдук кеңештин мүчөлөрү  ЖМКда насаатчылыктын иши боюнча көп чагылдырып турууну сунушташты. Андан сырткары жарандар милицияда насаатчылык бар экендигин билиш керек. Ошондой эле, кызматкерлерди шактандыруу үчүн “Мыкты насаатчылык” орденин иштеп чыгууну айтышты.

Андан кийин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын психолог-тескөөчүсү Жаркын Сманова ИИОнун кызматкерлерине психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иштин абалы жана ага муктаж болгондор жөнүндө айтып берди. “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын базасында төрт психолог-тескөөчү бар. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын облустук медкызматтарында 5 психолог-тескөөчү, республика боюнча жалпы 9 психолог бар. Өткөрүлүп жаткан иштерге карабастан профессионалдуу психологдор жетишсиз.  Ар бир кызматкерди кабыл алууга убактысы гана эмес мүмкүнчүлүгү дагы жетишпейт”.

Өз кезегинде, Коомдук кеңештин мүчөсү Александр Зелеченко ар бир кызматкер  өз кызматында психологиялык жеңилденүүгө муктаж.  Чынында, 9 психолог республикада аздык кылат. Кадрлар башкы башкармалыгы психологиялык кызматты өткөрүп берүү жөнүндө маселелерди кароо жакшы болмок.  ИИОнун кызматкерлерин кызматка орнотууда психологдордун сунушу же жыйынтыгы чоң роль ойнойт.

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов бүгүнкү жыйын пайдалуу жана ийгиликтүү болгондугун белгиледи. Калоочулар өз сунуштарын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

 

        

Последние новости