www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Армения Республикасынын Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берип жатып айтты.

«Кыргыз тараптан мен өкүл болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин деңгээлинде чечимге кол коюлду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Мындан улам атамекендик өндүрүүчүлөр өз өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында толук кандуу сата алышкан эмес. Бул чечимге кол коюлгандан баштап жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз продукцияларын интеграциялык биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз сата алышат», – деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, биздин өлкө ЕАЭБге кирген учурдан тартып ветеринардык тутумду уюм тарабынан белгиленген ченемдерге дал келтирүү боюнча чоң иштер жасалган.

«Биздин бардык лабораториялар заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул мезгилде үч жолу комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, ал биздин ветеринардык тутумду баалады. Натыйжада комиссия биздин тутумду эквиваленттүү деп тааныды. Бул кыргыз өндүрүүчүлөрүнө көңүлү тынч иштеп жана өз өндүрүмдөрүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзгөн эң башкы чечим болуп саналат», – деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости