www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Татарстандын башчысы Рустам Миннихановду Молдовага киргийбей коюшту. Минниханов Гагаузияда өтө турган “Эл достугу – 2023” эл аралык элдик дипломатия конгрессине катышууну пландаган. Бирок Кишиневго келген Татарстандын башчысы пландалган иш-чарага жете алган жок. Бул тууралуу ал учактын бортунда кайрылуу жасады.

"Биз Кишиневдобуз, жакында эле биздин республикага келген Петров менен Суходольскийдин чакыруусу менен келдик. Биз биргелешкен ишибиздин чоң программасын белгиледик. Тилекке каршы, Молдованын бийликтери бизди каалабаган жарандар деп чечти, республика кире албайт экенбиз. Ошондуктан, тилекке каршы, биз конгресске катыша албайбыз”, - деп Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Молдовадан учаар алдында Gagauznews агенттигине билдирди.

Молдованын чек арачылары Миннихановдун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууну “өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү” менен түшүндүрүштү.

"Акыркы 24 сааттын ичинде 46 чет өлкөлүк жаранды өлкөгө киргизбей коюшту, алар сапарынын максатын негиздей алышпайт. Өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган орусиялык аткаминердин Молдовада "персона нон грата" деп жарыяланганы тууралуу айткандары дал келбейт. Өлкөбүздөгү жергиликтүү шайлоодо талапкердин колдоосу жүйөлүү себеп эмес, бийлик россиялык чиновниктерден биздин өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү суранып жатат”, - деп айтылат республиканын Чек ара полициясынын сайтында.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости