www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүтүн дүйнө суктанган Американын бизнесмен Ажосу Дональд Трамп элин уят кылып келе жатат. Кандай гана жолугушууга барбасын бир кызыктый өнөрүн тартуулап келет.
Айт кетчү нерсе, өзү менен алып келген курама командасы дагы өзүнө так окшош. Кечээ жакында эле кеңешчи алган кызы, жыйын учурунда олтургучка талтайып олтура калып селфи жасаганын дүйнө жүзүндөгү ММКлар талкуу кылган.
Бүгүн, Трамп кезектеги терс жоругун жасады. Ал, бала-бакчага барып, жаш балдар менен топ ойноп жатканын тасмадан көрүүгө болот. Тасмада Трамптын жандоочусу, президенти жиндиликке салып топко секирип ойногон кезде, “Кечиресиз, Сиздин убактыңыз бүттү” деди. Жиндилиги туткан Трамп, “менин ойногум келип жатат”, деп жерге жатып алып, жаш балача чыр салды. Ага карабастан жандоочусу сүйрөп чыгууга аракет кылды. Ага да каршылык көрсөтүп, бала-бакчалардагы нерселерге жармашып, бутун асманды каратып, алжаңдатканына карабай жандоочусу сүйрөп чыгып кеткенин тасмадан көрүүгө болот.
Эске сала кетсек, АКШ президенти Трамптын мындай уят болгону көп эле жолу болгон. Американын тарых барактарында “Американы уят кылган президент” катары калса керек.
Демек, акчалуунун баардыгы акылдуу эмес деген кеп чындык тура. Баса, бала-бакчаларга барып, аларга жомок окуп берүү Барак Обаманын убагында салтка айланган көрүнүш болгон. Обаманын айланасында жүздөгөн балдар чогулуп, бул көрүнүштү ата-энелер унутулгус күндөр катары эсептешкен. Тилекке каршы Трамп бала-бакчага барып, өзү балага айланды...
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg