www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын өсүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, дүйнөлүк масштабда нефтинин баасы өсүп, 67 долларга жетип калды.

«Чийки нефть 31%га жогорулады. Россиянын өзүндө дагы кымбаттап жатат. Өкмөт колдон келген аракетин жасайт. Өзгөчө жазгы талаа иштери башталууда, дизель майы менен дыйкандарыбызды камсыздашыбыз керек. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдүм. Эки күн мурун токтомго кол койдум. Ага ылайык, мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды», - дейт премьер.

Ошондой эле, Марипов Кыргызстандагы дары-дармекке болгон баа жеке көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости